Главное меню
Веб-ресурсы министерства:
Центр управления
в кризисных ситуациях
Тендерные
закупки министерства
Вакансии
Добро пожаловать,
Пользователь:

Пароль:


Запомнить

[ ]
[ ]
[ ]

04 марта 2008 года

Милдеттер так аныкталды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3-мартта өткөрүлгөн аппараттык кеңешмесинде министр К. Ташиев, өткөн жумада  Кыргыз Республикасынын президенти К. Бакиев менен жолугушуусу боюнча ой бөлүштү. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзүнөн “Мыйзамдын чегинде өз алдынчалыкты өнүктүрүү” деген тезисти баса көрсөтүп, канткенде министрликтин деңгээлинде ушул коюлган милдетти жүзөгө ашыруу боюнча өз сөзүн айтты. Ар бир башкармалыктар, департаментер, структуралык бөлүктөр мыйзам чегинде министрликке пайда алып келүүсү керек. Муну жүзөгө ашыруу үчүн кызматкерлер укуктук-нормативдик актыларды билүүсү керек. Ошол себептен министрликтин жалпы эле кызматкерлеринин укуктук билимдерин өркүндөтүп, атайын окууларды, семинарларды өткөрүп туруу боюнча министр К,Ташиев юридикалык бөлүмгө тапшырма берди.

Ошондой эле аппараттык кеңешмеде министр мамлекет башчысы К.Бакиевдин жолугушууда сүйлөгөн “Жер-жерлердеги проблемаларды билүү жана чечүү” деген сөзүнө  өзгөчө маани берди.Демек министрликтин жетекчилери жер-жерлердеги проблемаларды билип, билмек түгүл өзгөчө кырдаал пайда болуп калса  аны тез жана оперативдүү, сапаттуу түрдө чече билүүсү керек. Бул мааниде алганда айрым жетекчилер кашаңдыкты көрсөткөн фактылар да жок эмес. Маселен, Жалал-Абад областынын губернатору Кошбай Масировдон Сузак районундагы Көгарт дарыясындагы суу ташкындоо коркунучу тууралуу боюнча  өзгөчө кырдаалдар министрлигине кат келип түшкөн. Бирок калкты коргоо жана сактоо башкармалыгынын жетекчилери эч кандай жыйынтык чыгара элек. Министр башкармалыктын жетекчилерине бул маселени тезинен чечүү боюнча катуу эскертти.

Аппараттык кеңешмеде К.Ташиев кемчиликтер менен бирге айрым жүрөк жылытаарлык иштер жүрүп жатканын да белгилеп өттү. Өткөн жумада министрдин орун басары Т. Жунушалиев “Кумтөр” компаниясы менен эки тараптуу сүйлөшүүдөн кийин министрликке 50 контейнер алып келинди. Бул контейнерлер табигый кырсык чыккан аймактарда жапа чеккен адамдар убактылуу жашоо үчүн колдонулмакчы. Мындай жакшы жөрөлгөлөрдү кеңири жайылтуу керек деп министр К.Ташиев өз сөзүнө баса белгиледи.

 

 

 

 

для печати
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики