Главное меню
Веб-ресурсы министерства:
Центр управления
в кризисных ситуациях
Тендерные
закупки министерства
Вакансии
Добро пожаловать,
Пользователь:

Пароль:


Запомнить

[ ]
[ ]
[ ]

21 февраля 2008 года

Оперативдик маалымат

21-февралда Жалал-Абад областынын Токтогул районунун аймагында жайгашкан Бишкек-Ош жолунун 248-километринде кар көчкү түшүп, автожолдун ошол бөлүгүн жаап калды. Түшкөн көчкүнүн узундугу 50 метр, бийиктиги 5 метр, туурасы 12 метр жалпы көлөмү 3000 куб метрди түзөт. Көчкү түшкөн жерди тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындай кар көчкүлөр кыш мезгилинде жааган жаанга байланыштуу болуп жатат

Көчкүнүн калган калдыгын атып түшүрүү максатында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкы оперативдик башкармалыгы (көзөмөлдөө милдети Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлгөн), ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү коргоо министрлиги, автотранспорт жана коммуникация министрлиги жана ички иштер министрлигинин адистери менен бирдикте көчкү топтолгон жерди артилериялык аткылоо жолу менен тазалоо иштерин пландаштырууда. Көчкү жүрүү кооптуу деген жер иликтенгенден кийин гана аткылоо башталат. Бул иш-чара Кыргыз респупликасынын Өкмүтүнүн “Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда кар көчкү жана жер көчкү жүрүү коркунучунун кесепеттерин алдын-алуу боюнча “ токтомунун негизинде үстүбүздөгү жылдын 23-февралына чейин жүргүзүлмөкчү.

 

 

 

 

 

для печати
Министерство чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики